Тоңдун жайлоосунда кардан улам мал өлүмү катталды

Тоң районунун жайлоолорунда кардан улам мал өлүмү катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-майдан 24-майга караган түнү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Тоң районунун Улахол, Күн-Чыгыш, Кѳл-Тѳр, Мамбетов, Тоң жана Төрт-Күл айыл аймактарынын жайлоолорунда нөшөрлөп жааган жаан, кардан улам, малчылардын арасында чыгымдар катталган.

Жаандан жана кардан улам Тоң районунун аймагында жалпысынан 9 жылкы, 26 уй, 353 кой-эчки ѳлгөндүгү аныкталган.

Тоң райондук ветеринардык башкармалыгы тарабынан Күн-Чыгыш, Кѳл-Тѳр, Улахол, Тѳрт-Күл, Мамбетов жана Тоң айыл аймактарынын башчыларына ѳлгѳн малдын сѳѳктѳрүн “Яма Беккариге” ветеринардык эрежеге ылайык кѳмүү боюнча тапшырма берилген.

Күн-Чыгыш айыл аймагы тарабынан “Жазы кечүү” жайлоосуна малчыларга 200 түк тоют жеткирилген. Ал эми калган айыл аймактардагы жайлоолордо карлар ээрип кеткен.

26 Май 2023 жыл 10:18

Тема боюнча