Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11,4 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 16-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 468 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 740 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 433 куб метрди түзүүдө.

16 Июль 2024 жыл 9:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча