«Туура эмес саат» адамды неврозго алып барат. Саатты аркага жылдыруу сунушталууда

Кыргызстанда убакытты бир саатка артка жылдырууну дарыгер Нурали Койлубаев менен “Баткен таңы” гезитинин башкы редактору Адылбек Акматов демилгелеп жатканын айтышып, АКИпресс-Ошто өткөн жыйында билдиришти.

Алардын айтымында, Кыргызстан 2005-жылдан бери UTC+6 саат алкагына өткөн. Бишкек бешинчи алкакта жайгашкандыктан, UTC+5ке өтүү туура болмок. Саатты артка жылдыруунун бир нече себеби бардыгын айтышат.

«Шашып жүрүп, стресске кабылабыз, психологияга зыян болуп жатат. Экономикага да пайда болот. Мисалы, өлкөдө электр энергиясы 1 саатка үнөмдөлөт. «Туура эмес саат» адамды неврозго алып барат. Калктын ден соолугу үчүн убакытты ылайыкташыбыз керек. Бала бакча жана баштапкы класстарда окуган балдарга эртең менен туруу өзгөчө кышында кыйын болуп жатат», — дешти

16 Ноябрь 2023 жыл 19:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча