УКМК акы төлөнүүчү ДНК-изилдөөлөр кызматын көрсөтүүнү пландап жатат

УКМК жарандардан молекулярдык-генетикалык (ДНК) акы төлөнүүчү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктарды алууну пландап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоор коомдук талкууга чыгарылды.

Ага ылайык, «Соттук-эксперттик ишмердүүлүк жөнүндө» жана «Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

2024-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмдөрүнүн биринде адамдын ДНКсын анализдөөчү лаборатория ачылган. Ал биологиялык туугандыкты аныктоого жана соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул республикадагы жалгыз лаборатория болгондуктан, көпчүлүк жарандар генетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн чет элдик адистерге кайрылууга аргасыз.

«Анализдин бул түрүн жүргүзүү оор жана өзгөчө оор кылмыштарды алдын алуу жана бетин ачуу үчүн заманбап, натыйжалуу чечим болуп саналат», — деп айтылат мыйзам долбоордун негиздемесинде.

28 Февраль 2025 жыл 15:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча