Укук коргоочу камактагы журналистти ооруп жаткан апасына жолуктурууну суранууда

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова беш жылга кесилген журналист Азамат Ишенбековдун чоң апасы катуу ооруп жатканын айтып, аны баласы менен жолуктурууга чакырды.

Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасында бийликке кайрылып, журналистти убактылуу кое берип, ал абакка кайтып келерине өзү кепилдик болорун жазды.

Азамат Ишенбековдун жакындары чоң апасы Токмоктогу ооруканада экенин ырасташты.

Азырынча бийлик укук коргоочунун кайрылуусуна жооп бере элек.

Азамат Ишенбековдун 75 жаштагы чоң энеси Гүлира Абдраимакунова эки көзү көрбөй калган, ден соолугу дагы начарлап жатканы айтылган.

1 Март 2025 жыл 13:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча