Улуттук банк төлөм уюмуна айып салды

Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын бузган факты аныкталды.

Финансылык жөнгө салуучу органдан кабарлашкандай, КР УБ 2023-жылдын 6-декабрында Кыргызстандын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салды.

8 Декабрь 2023 жыл 14:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча