Бүгүн, 5-март күнү өлкөбүздө кышкы кармоо боюнча иш-чаралар уланууда.
Өлкө боюнча КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Кыргызавтожол” МИ Жол тейлөө ишканалары тейлей турчу тоолу аймактагы бардык ашууларда (Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Долон, Кызыл-Арт, Чычкан капчыгайы ж.б.) жана башка унаа жолдордо кардан тазалоо жана тайгакка каршы инерттик материалдарды себүү иштери аткарылып жатат.
Урматтуу айдоочулар, кыш мезгилине байланыштуу, жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан кезде жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу жана чынжырларын алып жүрүүңүздөр зарыл!






