Кыргызстанда автоунаа ээлери үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу жаңы камсыздандыруу продуктусу КАСКО Эконом программасы ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул продукт автоунааны жол кырсыктарынын кесепетинен коргоого багытталган жана жарандар үчүн каржылык жактан жеткиликтүү шарттарды сунуштайт. Жаңы программа толук КАСКО пакетине муктаж болбогон, бирок унаасын негизги тобокелдиктерден коргогусу келген автоунаа ээлерине арналган.
Бул продукт боюнча камсыздандыруу окуясы катары жол кырсыгынын натыйжасында автоунаанын механикалык зыянга учурашы эсептелет. Аларга төмөнкү учурлар кирет:
КАСКО Эконом программасы:
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кардарларга автоунаанын баасына жараша үч вариантты сунуштайт:
Келишим 6 айдан 1 жылга чейин түзүлүп, камсыздандыруу коргоосу Кыргызстандын аймагында колдонулат.