Вьетнамда суу ташкындан 35 адам каза болду

Вьетнамдын борбордук аймактарындагы катуу жаан жана суу ташкындардан 35 адам каза болуп, 5 киши дайынсыз, 60тан ашык адам жаракат алды. Бул тууралуу ТАСС билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, 25-октябрдан бери токтобой жааган жамгыр күчтүү суу ташкынына алып келген. 16,5 миңден ашуун турак жай менен имараттар суу алдында, 75 миң үй чарбасы электр жарыгысыз калды. Ошондой эле суу ташкыны 5,3 миң гектардан ашык айыл чарба жерин жана 800 гектардай жемиш бактарын жараксыз кылган. 42 миңге жакын мал-жан жана канаттуулар кырылды.

Азыркы учурда куткаруу жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Ага аскерлер жана милиция кызматкерлери тартылган. Өкмөт жабыркаган аймактарды колдоо үчүн 450 миллиард донг (болжол менен 17,9 миллион доллар) өлчөмүндө атайын жардам фондун түздү.

3 Ноябрь 2025 жыл 10:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча