Ысык-Көлдө мыйзам бузгандарга ири айып пул салынды

Ысык-Көлдө экологиялык рейд өтүп, мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылды. 

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына караганда, рейддин жүрүшүндө экологиялык мыйзамдардын талаптарын бузган бир катар фактылар аныкталды. Анын негизинде укук бузуу жөнүндө 8 административдик протокол түзүлүп, жалпысынан 111 миң 500 сом айып пул салынды.

«Курчап турган чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык укук бузуулардын алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун аймагында рейддик иш-чаралар туруктуу негизде уланат», — деп айтылат маалыматта.

17 Июнь 2026 жыл 9:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча