Ысык-Көлдө мыйзам бузуу фактылары катталган 146 объект аныкталган

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көлдүн 131 метр зонасы да Президенттин №150 жарлыгын аткаруу үчүн Ысык-Көл районунун Сары Ой айылындагы «Карвен» эс алуу борборундагы пляжга кирүү төрт мезгилге ачык.

Эскерте кетсек, комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун аймагында жалпысынан шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарды бузуу фактылары катталган 146 объект аныкталган.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 254-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Мамкурулуштун архитектура-курулуш көзөмөлү боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан 146 объект боюнча материалдар кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн сот жана укук коргоо органдарына жиберилет.

Бардыгын курулуш ишмердүүлүгү жаатындагы эрежелерди сактоого чакырабыз!

21 Июнь 2023 жыл 20:53

Тема боюнча