Кечээ, 9-ноябрда президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетовдун төрагалыгынын алдында облус аймагындагы жол коопсуздугун камсыздоо боюнча жыйын болуп өттү.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облустук ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 2023-жылдын башынан бери 329 жол кырсыгы катталып, 558 адам ар кандай жаракат алып, 64 адам каза тапкан.
Мындан тышкары, мал аралашкан жол кырсыктарды дагы алдын алуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.