Жакын арада Бишкекте жаңы Ак үй ачылат

Жакын арада президенттин администрациясынын жаңы имараты ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында өткөн президенттин Иш башкармалыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

Ошондой эле мамлекет башчысы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткан Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин имараты көрүүчүлөргө эшигин ачарын айтты.

Эске салсак, буга чейин өлкө башчысы президенттин администрациясынын жаңы имаратына «Ынтымак-Манас Ордо» деген ат берилгендигин билдирген болчу.

Жаңы имарат мурдагы «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна курулууда. Жалпы аянты 30 миң чарчы метрге жеткен имаратта президенттин администрациясы жана министрлер кабинети жайгашмакчы.

9 Август 2024 жыл 8:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча