Жалал-Абадда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чаралары күчөтүлөт

Жалал-Абад облсунун аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Күн мурун президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов облустук мекеме-ишканалардын башчылары жана онлайн тартипте район, шаар жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Жыйында 14-апрелде Ала-Бука районунун аймагында катталган сел кырсыгы бир көпүрө жана эки унааны сел суулары агызып кеткени, Аксы районунун Жоон-Төбө жана Долоно жайлоолорунда жүргөн селдин кесепетинен Кербен – Кара-Жыгач – Кызыл-Көл унаа жолунун 50 метр аралыгына түшкөн сел калдыктарын тазалоо иштери тууралуу айтылды.

Нурлан Эрматов сел кырсыктары боюнча жергиликтүү бийлик тарабынан маалыматтарды ыкчам жеткирүү жагы солгун болгонун сынга алды. Мындагы кемчиликтин үстүндө тактоо жүргүзүлүп, тийиштүү жетекчилерге чара көрүлөрүн айтты. Ошол эле учурда бардык район, шаар башчыларына өзгөчө кырдаал катталуу коркунучу бар аймактарда иш жүргүзүүнү күчөтүүнү тапшырып, жоопкерчиликтерин эскертти.

Жыйында ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары ушул жылдын 31-август күнү, Эгемендүүлүк майрамына карата колдонууга берилүүчү объекттердеги жумуштардын жүрүшүн сурады. Ал курулушту артка тарткан бардык маселелерди ыкчам чечүү зарылдыгын кошумчалады.

16 Апрель 2025 жыл 9:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча