Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп, коомчулукта талкуу жаратып жаткан айрым маселелерге комментарий берди. Алардын ичинде 17-февралда жаза аткаруу абагынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган вебкам иши боюнча соттолгон Даниел Ажиевге ырайым берилиши жана анын турмөдөн тик учак менен учуп кеткени тууралуу да комментарий берди.
Мамлекет башчы өзүнө Ажиевдин апасы баласына ырайым беришин сурап, жеке ватсап номуруна видео аркылуу чалып кайрылганын, уулу жок жашоосу оорлоп кеткенин айтып ыйлаганын айткан.
«Мен боорукер адаммын. Чындап эле ишенип, ырайым бердим. Бир эле Ажиевге эмес, ошол күнү жалпысынан оор эмес кылмыш кылган 75 соттолуучуга ырайым бергем. Анан эле мага “Ажиев түрмөдөн тик учак менен учуп кетип жатат” деген кабар келди. Дароо ошол замат тик учакты кайра артка кайтартып, учкан ордуна кондурдук.
Ошентип Ажиев машина менен үйүнө кетти. “Тик учак менен учуп кетти” деген маалымат чын. Бирок 15 мүнөт өтпөй учакты артка кайтартып, учкан ордуна кондурганбыз», — деген Жапаров.
Президент ошондой эле Ажиевдин түрмөдөн чыгышына тик учак берген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эч кандай күнөөсү жоктугун, министрликтин карамагындагы тик учактар коммерциялык буйрутмаларды дагы аткара берерин белгилеген.
Садыр Жапаров ошол эле учурда Даниел Ажиевдин тик учак менен учканы өзү үчүн да күтүүсүз болгонун айткан:
«.. мен дагы угар замат дендароо боло түштүм. Апасы “итке минип калдык” деп ыйлап атса, баласы болсо түрмөдөн тик учак жалдап учуп жатса, “мени алдаган экен да” деп.
Негизи менин боорукерлигимден жана жумшак мамиле жасаганымдан көптөрү пайдаланышат. Бирок көпкө узашпайт. Жумшак кишилердин катуулугу кармаса таптакыр жазылбайт эмеспи».
Президент кабарчынын абактагы акын Аскат Жетиген боюнча суроосуна жооп берип жатып, ырайымды тандап бербесин, ким ырайым сурап, арыз менен арызынын негизинде чечим кабыл аларын айтып, «арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз» деген.
Вебкам иши боюнча соттолгон Даниэл Ажиев абактан тик учак менен чыгып кеткени тартылган тасма соцтармактарга тарап, маалыматты 5-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ырастаган.