Жапаров үч жылда бир да митинг болбогонун айтты

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда акыркы үч жылдын ичинде бир да митинг болбогонун билдирди. Бул тууралу мамлекет башчы 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы акы алына турчу айланма жолдун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Президент туруктуулук орноп, тыштан 2021-жылдан бери өлкөгө түз жана кыйыр түрдө 5 млрд доллардан ашык инвестиция келгенин кошумчалады.

“Байкадыңыздарбы акыркы үч жылда өлкөбүздө бир да митинг болгон жок. Стабилдүүлүк орноду, ички дүң продукциябыз өстү. Ошол үчүн тыштан келген инвесторлор азыр кезекке келип тура башташты. Мурда биз инвесторлорду келгиле деп чакырчу элек. Алар келсекпи же жокпу деп тандап турчу. Азыр биз инвесторлорду тандап атабыз”, — деди президент.

2022-жылы март айында Бишкектин негизги аянттары менен көчөлөрүндө — Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, өкмөт үйүнүн алдында жана анын жанындагы Турсунбаева атындагы бакчада митинг-пикеттерди өткөрүүгө Бишкектин Биринчи май райондук соту тыюу салган.

9 Декабрь 2024 жыл 10:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча