Жээнбек Кулубаев Кувейттин Тышкы иштер министри менен жолугушту

2024-жылдын 1-мартында Анталья шаарында (Түркия) Үчүнчү Анталия Дипломатиялык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министри Абдулла Али Аль-Яхья мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Кыскача баарлашуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле алдыдагы бийик жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды даярдоо боюнча пикир алмашышты.

Кыргыз-кувейт мамилелерине дем берүү максатында жолугушуунун соңунда министр Жээнбек Кулубаев Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министри Абдулла Али Аль-Яхья мырзаны Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

1 Март 2024 жыл 18:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча