Жети-Өгүздө ата-энесинен ажыраган балага жер тилкеси берилди

Жети-Өгүздө ата-энесинен ажыраган балага жер тилкеси бөлүнүп берилди.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, С.К. аттуу ата-энесинен ажыраган бала мыйзамда белгиленген тартипте турак жай менен камсыздалбаганы аныкталган.

Бул фактынын негизинде райондук прокуратура тарабынан тиешелүү прокурордук чаралар көрүлдү. Натыйжасында балага турак жай куруу үчүн Жети-Өгүз районунун Даркан айылынан 0,07 га жер тилкеси бөлүнүп, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды.

10 Сентябрь 2025 жыл 14:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча