Журналисттерге Улан Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылды

12-февралда 2024-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү үчүн Улан Эгизбаев атындагы VII сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды.

1-орунду Exclusive.kg редакциясынын “Борбор Азиядагы эң чоң майнинг-ферма”, 2-орунду T-media порталынын “Корук аймакка конуш салган аткаминерлер” жана 3-орунду “МедиаХаб” редакциясынын “Ботаника багындагы каргаша. Боздогон ата-энелер” аттуу материалдары алды.

“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Улан Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишмердигин баштаган. Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Улан Эгизбаевдин туулган күнү — 12-февралда тапшырылат.

Негизги талаптар – материалдын актуалдуулугу, журналисттик иликтөө темасынын масштабы, иликтөөнүн конкреттүү жагдайдын жакшырышына тийгизген таасири, кесиптик деңгээл жана атуулдук кадыр-барк. Сыйлык фонду 100 миң сом.

Чыгаан журналист Улан Эгизбаев 1990-жылы Кочкор районунда туулган. Ал 2013-жылдан бери “Азаттыкта” эмгектенип, “Бажыдагы миллиондор”, “Көрүстөндөгү корррупция”, “Саясатташкан сауналар” жана башка бир катар коомчулукта чоң талкуу жараткан журналисттик иликтөөлөрдү тарткан.

Ал 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

12 Февраль 2025 жыл 18:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча