200 миңден ашык «акылдуу» эсептегич орнотулду

Жыл башынан бери өлкө боюнча тиричилик абоненттерине 200 миңден ашык «акылдуу» эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «акылдуу» эсептегичтерди орнотуу Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул улуттук энергетикалык тутумду модернизациялоого багытталган.

«Акылдуу» эсептегичтер электр энергиясын керектөөнү онлайн режиминде эсепке алууга, бузулууларды тез арада аныктоого, уруксатсыз туташуулардын алдын алууга жана эсептөөлөр үчүн так маалыматтарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, жаңы тутум керектөөчүлөргө электр энергияны керектөөсүн натыйжалуу башкарууга шарт түзүп, ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.

2025-жылдын аягына чейин дагы 300 миң акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда. Натыйжада алардын жалпы саны 500,1 миңге жетет. Орнотуу географиясы өлкөнүн бардык аймактарын, анын ичинде алыскы жана жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштарды да камтыйт.

Долбоор этап-этабы менен, мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү администрациялар жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз байланышта ишке ашырылууда. Электр энергиясын эсепке алуунун жаңы алеттерин колдонуу эрежелери боюнча калкты маалымдоого өзгөчө көңүл бурулууда.

26 Июнь 2025 жыл 14:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча