Жыл башынан бери “Манас” аэропорту дээрлик 3 млн жүргүнчүнү тейлеген

Жыл башынан бери “Манас” эл аралык аэропорту 2 млн 700 миң жүргүнчүнү тейлеген. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самудинов «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 6 айда 20 миң 900 каттам аткарылды.

“Каттамдардын 70 пайызы эл аралык болсо, 30%ы ички каттамдар. Жылдан жылга жүргүнчүлөрдүн саны өсүүдө. Буга жаңы каттамдардын ачылганы оң таасирин тийгизип жатат”, — деди ал.

31 Июль 2024 жыл 11:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча