Бразилия курама командасы 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/16 финалында Японияны утту, деп билдирет Kaзинформ.
Маалыматка ылайык, АКШнын Хьюстон шаарындагы «Эн-Эр-Жи» стадионунда өткөн беттеш 2:1 эсебинде беш жолку дүйнө чемпиондорунун пайдасына аяктады.
Япон оюнчулары биринчи болуп гол киргизишти: жарым коргоочу Каисю Сано 29-мүнөттө эсепти ачты. Тыныгуудан кийин Бразилия 56-мүнөттө Каземиронун так соккусу менен эсепти теңдеди.
Кошумча берилген 6-мүнөттө чабуулчу Габриэль Мартинелли Бразилия үчүн чечүүчү гол киргизди.
Ошентип, Бразилия курамасы дүйнөлүк чемпионаттын 1/8 финалына чыкты, анда алар Кот-д’Ивуар менен Норвегиянын ортосундагы беттештин жеңүүчүсү менен ойношот.
2026-жылдагы ФИФАнын дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтүп жатат. Аргентина учурдагы дүйнө чемпиону.
