Кубанычтуу жаңылык! Раззак Бейшекеев Албанияда өткөн турнирде алтын тагынды (видео)

Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Албанияда өткөн рейтингдик турнирде чемпион аталды! Финалдык беттеште ал Польшанын атынан күрөшкөн Валентин Петичти жеңип, алтын медаль тагынды.

Мурдараак Раззак жарым финалда грузиялык Джони Хецурианини 6:2 эсебинде утуп, финалга чыккан. Акыркы беттеште да мыкты күрөш көрсөтүп, атаандашынан үстөм чыкты.

Эске салсак, Бейшекеев – 2024-жылдагы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону. Ал 67 кг салмак категориясында Кыргызстандын намысын коргоп, дагы бир ири жеңишке жетишти.

Чын жүрөктөн куттуктайбыз! Алга, Раззак! Кыргыз балбандарынын даңкы арта берсин! 🇰🇬💪

2 Март 2025 жыл 8:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча