Кымбаттуу достор! “Альянс Алтын” 8 жылдык мааракесин белгилеп жатат

“Альянс Алтын” негизделгенден бери 8 жылдык мааракесин белгилеп жатат.

“Альянс Алтындын” Башкы директору Сабир Рахматовдун куттуктоосу:

«Бул туулган күндү биз мурдагыдай эле белгилейбиз – ишибиздин темпин бир мүнөткө да басаңдатпай. Биздин миңге жакын кызматкерлерибиздин ар бири Кыргызстандын экономикалык туруктуулугуна жана гүлдөп өсүшүнө салым кошууну улантууда. Дал ошолор – биздин эмгекчил жана ынтымактуу коллективибиздин мүчөлөрүн мен биринчи кезекте куттуктагым келет. Бүгүн биздин жалпы майрамыбыз! Ишке дайыма позитивдүү мамиле кылууңузду каалайм!

Ошондой эле бул дата менен биздин бардык өнөктөштөрдү, анын ичинде мамлекеттик мекемелерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын куттуктайм. Биз бирге жетишкен натыйжалар Жерүйдү иштетүүнүн таасирин бир нече эсеге көбөйтүүгө жардам берет. Сиз менен иштөө ырахат!

Өткөн жыл биз үчүн рекорддук жыл болду — пландагы 4 тонна аффинаждалган алтындын ордуна 4 тонна 150 килограммдан эриттик. Республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык түрүндө дээрлик 11 миллиард сом төлөдүк.

Мындан тышкары, биз жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү жана колдоо үчүн каражаттарды үзгүлтүксүз которуп турабыз, көптөгөн социалдык жана кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашырабыз.

Биздин компаниянын айырмалоочу өзгөчөлүгү — биз эч качан жетишкендиктерибиз менен токтоп калбайбыз. Биз өз көрсөткүчтөрүбүздү жакшыртууга тынымсыз умтулабыз. Алдыда дагы көптөгөн жемиштүү жылдар бар экенине, андан кийинки ар бир жыл мурункусуна караганда ийгиликтүү болоруна эч кандай шегим жок!».

2 Июнь 2023 жыл 10:57

Тема боюнча