“Түндүк” темир жол бажысы мыйзам бузуу фактысын аныктады

“Түндүк” темир жол бажысынын кызматкерлери тарабынан бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «К.» ЖЧКсынын дарегине муздаткыч жана тоңдургуч жабдуулардын тетиктери жана курулуш шаймандары келген. Товардын жалпы салмагы 3035 кг түзгөн. Жүк убактылуу сактоо үчүн кабыл алуучунун кампасына коюлган.

Товарлар идентификациялык каражаттарды ачуу менен бажы органынын уруксатысыз колдонулгандыгы аныкталган. Мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 1 млн 19 миң 747 сомду түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалга юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурада каралууда.

1 Июнь 2023 жыл 8:57

Тема боюнча