1-май күнү Ала-Арча жаратылыш паркында парктын 50 жылдыгына арналган ири майрамдык иш-чара өтөт.
Сиздерди Кыргызстандын популярдуу артисттеринин катышуусунда чоң концерт күтөт: Малика Дина, Алтынай Асанбекова, Гулназ Чыныбек кызы, Толгонай Арзыкеева, Нурмат Садыров, Аваз Акимов, Биржан Байбол, Назгуль Токтакунова жана башкалар.
Өзгөчө маанай тартуулаган Президенттик камералык «Манас» оркестринин жандуу жандуу музыкасы коштолот.
Балдар үчүн сүйүктүү анимациялык каармандардын катышуусунда кызыктуу оюн-зоок программасы, ошондой эле суюк азот менен кызыктуу эксперименттер даярдалган.
Жана бардык балдар үчүн жагымдуу белек — бекер балмуздак! 🍦
Күн бою төмөнкү зоналар иштейт:
✨ этно-зона
✨ улуттук ашканалар жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси
✨ фото көргөзмө
✨ коноктор үчүн даамдуу сый-тамактар коюлган фуршет зонасы
📍 Жайгашкан жери: «Ала-Арча» жаратылыш паркынын амфитеатры
🕐 Башталышы: 13:00
Бул күндү тоолордун койнунда, жаратылыш менен шаңдуу атмосферада өткөрүңүздөр!