Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесине (Коррупция) ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаарынын «Көк-Жар» айылынын 172-контурунда жайгашкан, жалпы аянты 6 гектар болгон айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул жер тилкелеринин базар баасы 150 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы билдирди.
Тергөө маалында айрым жарандар менен мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда туруктуу коррупциялык схема түзүлүп, «Көк-Жар» аймагындагы 172-контурдагы айыл чарба жерлерин мыйзамсыз түрдө бөлүштүрүп, сатып жиберүү жолу менен материалдык пайда көрүү максаты болгондугу аныкталды.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын шаарынын ИИББнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесине 1-бөлүгү (Коррупция) ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө жыйынтыгында төмөнкү жарандарга — М.К., Ж.Э., А.Н., А.Р., Ч.Э., А.Б., И.А., Т.М., Э.С., Д.К., Ж.У., С.Э., М.С. жана Б.А. — жогорудагы беренеге ылайык айып салынган.
Тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө И.Ж., Б.А., С.Б., Б.И., О.И. жана С.Э. ыктыярдуу түрдө жалпы аянты 6 гектар болгон, баасы 150 миллион сомдук жер тилкелерин мамлекетке кайтарып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүп беришкен.
Тергөө иштери улантылууда.