Эртең, 20-декабрга караган түнү Баткен, ЫсыкКөл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн −3…-8 күндүз −1…+4
Таласта түнкүсүн −3…-8 күндүз −2…+3
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн −2…+3 күндүз +2…+7
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −1…-6 күндүз 0…+5
Нарында түнкүсүн −6…-11 күндүз 0…-5
Бишкекте түнкүсүн −3…-5°, күндүз 1…+3 градус болушу күтүлөт.