САК БОЛУҢУЗ! КАР КӨЧКҮ ЖҮРӨТ

ӨКМдин Гидрометеорология кызматынын билдирүүсүнө ылайык бүгүн, 2-февралдан 4-февралга чейин түзүлгөн кар көчкү кырдаалына байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда:

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү мүмкүн.

УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР ЖАНА ТОО СҮЙҮҮЧҮЛӨР

Тоолуу тилкелерде кар күрткүсү күтүлүп, жолдордо тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Сиз кандайдыр бир кырсыктын күбөсү же ага кабылып калсаңыз «112» кызматына токтоосуз кабарлаңыз. Кызмат күнү-түнү кабыл алат жана акысыз.

2 Февраль 2026 жыл 12:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча