Бишкек шаарынын ИИББнын МККК полкунун туристтик ротасынын командири, милициянын капитаны Тимурлан Калмурзаев иттердин кол салуусунан жабыркаган баладан кабар алды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин милиция кызматкери кызматтык милдетин аткарып жатып, кайгылуу окуядан кийин баланы ыкчам түрдө медициналык мекемеге жеткирүүгө көмөк көрсөткөн.
Учурда баланын абалы турукташып, жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Тимурлан Калмурзаев жабыркаган Умардан кабар алып, аны менен баарлашып, абалын сурап, колдоо иретинде белектерди тапшырды.
Баланын жакындары милиция кызматкерине ыкчам аракеттери, кайдыгер эместиги жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарганы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Бишкек шаарынын ИИББгы жабыркаган баланын тез сакайып кетишин каалайт.