Кечээ, 5-июлда саат 16:00дөр чамасында Бишкек–Ош унаа жолунун 121–122-чакырым аралыгында жолго таш көчкү түшкөн. Буга байланыштуу жолдун бир тарабы убактылуу жабылган.
Саат 18:00гө карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол тейлөө кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери толук жүргүзүлүп, жолго түшкөн таштар чыгарылды. Окуядан жабыркагандар катталган жок. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
«Жол эки сааттын ичинде толугу менен тазаланып, унаа кыймылы үчүн кайрадан ачылды. Учурда Бишкек–Ош унаа жолунда кыймыл кадимки тартипте уланууда.
Белгилей кетсек, учурда аталган тилкеде эч кандай кооптуу кырдаал жок»,-деп айтылат маалыматта.