Адылбек Касымалиев 2025-жылы чет өлкөгө 19 сапар жасаган

2025-жылы министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев чет өлкөгө 19 сапар жасады. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, 19 сапардын ичинен үчөө расмий, 16сы жумушчу сапар болгон.

«2025-жыл регионалдык жана глобалдык күн тартибинин татаалдыгына карабастан, экономикалык дипломатиянын жогорку темпин жана интенсивдүүлүгүн сактап калууга болорун көрсөттү. Бул сапарлардын алкагында ондон ашык документке кол коюлуп, бир нече узак мөөнөттүү «жол карталары» иштелип чыкты», — деди министр.

15 Январь 2026 жыл 17:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча