Бишкектеги №21 шайлоо округу боюнча талапкер Чыңгыз Айдарбеков өзү тууралуу интернетте тараган видео жана депутаттык мандат берүүнүн кечигиши тууралуу жооп берди.
Ал Фейсбуктагы расмий баракчасына видео кайрылуусун жарыялап, дипломат катары Түркмөнстанда, Жапонияда иштеп жүргөндө мыйзамсыз иштерге аралашканы тууралуу сөздөрдү четке кагып, Бишкектеги мүлк иши боюнча да маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.
“Жогорку Кеңештин депутатын БШК дайындабайт. Алар Конституциянын негизинде элдин талабын аткарат. Элдин өкүлү шайланып келет. Элдин ишениминин негизинде келе турган депутаттарга БШК үч күндүн ичинде мандат берүүгө милдеттүү. Бүгүн 19-күн болду. Кыргызстандын эгемен тарыхында мындай болгон эмес. БШК интригаларга малынбай өз ишин аткарышы керек”, — деди Айдарбеков.
Белгилей кетсек, №21 округдан шайланган Куванычбек Конгантиевдин мандаты 10-мартта жазган арызынын негизинде алынып, кийин өзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган.
Добуштардын саны боюнча андан кийинки орунда турган Чыңгыз Айдарбековго мандат бериле элек. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) талапкердин соттуулугу бар-жогуна байланыштуу Ички иштер министрлигинен (ИИМ) маалымкат күтүп жатканын кабарлаган.