Айдоочуларга коңгуроо! Өтмөк ашуусуна кар жаады (Видео)

Бүгүн, 16-сентябрда Өтмөк ашуусуна кар жаады. Бул тууралуу айдоочулар билдирип, видео менен бөлүштү.
Эске салсак, ӨКМ караштуу Кыргызгидромет кызматы 2025-жылдын 16-18-сентябрларында Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөрүн эскерткен.

16 Сентябрь 2025 жыл 11:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча