Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы аба ырайына байланыштуу айдоочуларды ашууларда этият болууга чакырат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 28-апрелден 30-апрелге чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, жаан-чачын жана тоолуу райондордо кар жаашы жана кар күрткүсү күтүлөт.
Буга байланыштуу төмөнкү ашууларда жол кырдаалы татаалдашы мүмкүн:
Мындай шарттарда жолдор тайгак болуп, муз тоңуу коркунучу жаралышы мүмкүн.
ЖКККББ айдоочуларды тоолуу аймактар аркылуу сапарга чыгууда өзгөчө этият болууга чакырат. Унаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кем эмес сактоо зарыл.