Аймактар аралык таксилер текшерилди

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аймактар аралык такси айдоочуларына карата текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаалардын техникалык абалына, ошондой эле рейс алдында механик жана нарколог тарабынан кароодон өткөндүгү өзгөчө көзөмөлгө алынды.

Айдоочулар менен жүргүнчүлөрдү ташууда коопсуздук талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иштер жүргүзүлдү. Мындан тышкары, жүргүнчүлөргө да түшүндүрүү берилди — сапарга чыгар алдында айдоочулардан алардын мыйзамдуу негизде жүргүнчү ташып жаткандыгын тактоо зарыл экени эскертилди. Бул алардын жеке коопсуздугу үчүн маанилүү.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы эскертет: жол эрежелерин жана талаптарды сактоо — коопсуздуктун негизги кепилдиги.

5 Май 2026 жыл 18:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча