АКШнын Индиана штатында жол кырсыгы катталып, 30 жаштагы Кыргызстандын жараны Б.Б. кармалды. Бул туууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандын АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү окуянын бардык жагдайларын, кармалган жарандын укуктук макамын, ошондой эле ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүү маселелерин тактоодо.
Расмий маалыматтар түшкөн учурда кошумча маалымат берилет.
Белгилей кетсек, чет элдик ЖМКлар АКШда 3-февралда саат 16:00дор чамасында жүк ташуучу унаа айдаган кыргызстандык каршы тилкеге чыгып, натыйжада 4 америкалык каза болгонун жазышууда.