АКСЫДАГЫ СЕЛ АЛГАН ЖОЛДУН БИР ТАРАБЫ АЧЫЛДЫ

Аксы районундагы Кара-Жыгач — Кара-Суу унаа жолунун бир тарабы ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Түндөгү катуу жааган жаандан улам сел жолду толук бөгөп калган.
Жолдун 9 жерин чоң сел алган.

Таңдан бери жеринде «Кыргызавтожол-Түштүк» МИнин Nº12 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп, жамгырдан кийинки табигый кырсыктарды жоюу иштерин аткарышууда.

Ушу тапта жеринде техникалар иштеп жатат. Жол каттам бир тараптуу ачык.

30 Апрель 2026 жыл 10:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча