Акыйкатчы институтунун Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматкерлери март-апрель айларында окуучулардын укуктарынын сакталышын текшерүү максатында Ош шаарындагы үч мектепте мониторинг жүргүзүп, 382 окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок экендиги аныктады. Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады.
М. Турсунзаде атындагы №13 мектепте 187 баланын, Х. Тажиматов атындагы №57 мектепте 112 окуучунун, “ВЛКСМ” мектебинде 83 баланын төрөлгөндүгү жөнүндө документи болгон эмес.
92 окуучу 9-классты аяктап жаткандыктан, өздүгүн тастыктаган документтери жок болгондугуна байланыштуу негизги жалпы билим тууралуу күбөлүк ала албай калуу коркунучуна кептелген.
Мониторингдин жүрүшүндө Билим берүү министрлиги документи жок окуучуларга убактылуу шарттуу персоналдык идентификациялык номер (ПИН) ыйгарып, автоматташтырылган маалыматтык тутумга (АИС) каттаганы белгилүү болгон.
“Документтердин жоктугу балдардын конституциялык укугун чектеп, алардын билим алуу, социалдык камсыздоо жана башка мүмкүнчүлүктөрүнө тоскоол болот. Мектеп администрацияларынын маалыматы боюнча, бул көйгөй жергиликтүү бийлик органдарына бир нече жолу кайрылууларга карабай, көп жылдардан бери чечилбей келет. Мугалимдердин айтымында, ата-энелердин кээ бирлеринин өздөрүнүн паспорттору жок, же аялдар үйдөн төрөп, төрөт үйүнөн медициналык маалымкат алышкан эмес” – деп айтылат Акыйкатчы институтунун маалыматында.
Мониторингдин жыйынтыгында институт Ош шаардык мэриясына, президентттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө документтештирүү маселесин тез арада чечүү жана балдардын укуктарын камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүү боюнча сунуштарды жөнөттү. Анын натыйжасында Ош шаардык мэриясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиясынын кезексиз жыйыны өтүп, атайын мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн.
Жумушчу топ Ош шаарынын конуштарында балдардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, түшүндүрүү жана документтештирүү иштерин жүргүзүштү. Анын натыйжасында 98 окуучу АИСке катталды. Алардын айрымдары биринчи жолу туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышса, башкалары жоголгон документтерин калыбына келтиришти. Жумушчу топ калган балдарды документтештирүү процессин улантат.