Президенттин администрациясы ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун «Томми молл» соода борборуна байланыштуу жасаган кайрылуусу боюнча тиешелүү текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдиргенин“Кабар» агенттиги жазды.
Андагы маалыматка караганда учурда кайрылууда көрсөтүлгөн фактылар кылдат изилденүүдө.
«Кайрылууда айтылган жагдайлар боюнча мыйзамда белгиленген тартипте текшерүүлөр жүрүүдө», — деди Аскат Алагөзов.
Эске салсак, буга чейин ишкер Шаршенбек Абдыкеримов президент Садыр Жапаровго расмий кайрылып, Бишкектеги «Томми молл» соода борборунун айланасындагы кырдаалды иликтөөнү суранган. Ишкер өз кайрылуусунда объекттин баасы өтө төмөн бааланганын жана ал УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жубайына тиешеси бар адамдарга өткөнүн айтып чыккан.
Ал эми Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев бул маалыматтарды четке кагып, чындыкка дал келбей турганын билдирген.