«Альянс Алтын» компаниясынын жардамы менен Талас шаарында бассейн ачылат

Талас шаарындагы жаш өспүрүмдөрдүн ден соолугун чыңдоо, спортко кызыктыруу жаатында долбоорду колдоп «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду кайтарымдуу негизде 2 млн сом каражат бөлгөн.

Аталган долбоорду жеке ишкер жана спорттун сууга сүзүү боюнча мастери Молдосунов Бактыя демилгелеген.

Молдосунов Бактыяр сууга сүзүүнү үйрөтүү менен өспүрүмдөрдүн сууга түшүүдө коопсуздугун алдын алуу боюнча кыялданып келген.

Учурда Оторбаев к.№7 дарегинде жайгашкан бассеин капиталдык оңдоодон өтүп, ачылуу алдында турат.

8 Май 2023 жыл 20:46

Тема боюнча