Бүгүн, 21-декабрда өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Ал эми Нарын-Актал-Чат-Казарман унаа жолунун 72–94-чакырымындагы Кара-Гөө ашуусуна жана 42–44-чакырымындагы Ийри-Суу участогуна түшкөн кар көчкүнүн натыйжасында жана кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан 12-декабрдан тартып жеңил жана оор жүк ташуучу автоунааларга убактылуу киргизилген чектөө алына элек.Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, жети дубан жолдорунда Жол тейлөө ишканалары тарабынан тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары үзгүлтүксүз аткарылып жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырат.