Ашууларда абал кандай?

Бүгүн саат 09:00гө карата республиканын негизги ашууларында жана унаа жолдорунда кыймылга чектөө жок. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Ага ылайык:

  • Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат, бирок жол ачык.
  • Суусамыр – Талас – Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, каттам бар.
  • Ысык-Көл облусундагы Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусу жана Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө.
  • Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашууларында жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүрүүдө.

«5-мартка чейинки туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Мындан улам, коопсуздук үчүн унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты так сактоо зарыл»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери бардык ашууларда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн күнү-түнү иштеп жатышат. Кырдаал туруктуу көзөмөлдө.

4 Март 2026 жыл 10:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча