Астанада дарыгерлер жүрөгү 10 мүнөт сокпой калган ымыркайды аман алып калышты

Астанада дарыгерлер жүрөгү 10 мүнөт сокпой калган 6 айлык наристени аман алып калышты. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, киникалык өлүм күйүктөн улам нес абалга түшүп калгандан улам болгон.

 «Ал менин жанымда ашканада болчу. Бурулганда эле кайнап жаткан чайнек ага кулады. Көкүрөк тушу күйүп, ушундан улам нес абалда болду. Бир жума реанимацияда жаттык. Сегизинчи күнү өзү дем ​​алып, тамактанып баштады. Баламдын өмүрүн сактап калышты», — дейт апасы Наталья.

Реаниматологдор болгон окуяны керемет деп аташты. Адатта, дарыгерлердин айтымында, жүрөк токтоп калгандан кийин 4-5 мүнөттүн ичинде гана иштей баштайт. Азыр баланын абалы жакшы.

3 Апрель 2025 жыл 12:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча