Бишкекте автобустун катышуусунда орун алган жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө аяктап, анын жыйынтыгы мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында каралды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага прокуратуранын, Бишкек ШИИББдин, Кайгуул милициясынын өкүлдөрү жана транспорт тармагынын жооптуу адистери катышты.
Кызматтык иликтөө транспорт комплексинин ишин уюштурууда жана көзөмөлдөөдө бир катар олуттуу кемчиликтер бар экенин ортого чыгарды.
Калаа башчысы Айбек Жунушалиев негизги максат жөн гана күнөөлүүлөрдү жазалоо эмес, мындай кырсыктарга жол бербеген системалык өзгөрүүлөрдү жасоо экенин баса белгиледи.
«Бүгүнкү күндө биздин милдет – күнөөлүүлөрдү жазалоо менен гана чектелбей, ишти уюштуруудагы кемчиликтерди аныктап, аларды жоюу жана мындай учурлардын кайталанышына жол бербөө», – деди мэр.
Кеңешменин соңунда транспорт тармагына көзөмөлдү күчөтүү, электрондук жол баракчасын киргизүүнү ылдамдатуу жана ШИИББ менен ыкчам маалымат алмашууну камсыз кылуу тапшырылды.
Кабыл алынган кадрдык чечимдер:
Катуу сөгүш жарыяланды:
Кызмат ордунан бошотулду:
Мындан сырткары, Талантбек Капаровго байланыштуу андан аркы чараларды КР Эмгек кодексинин талаптарына ылайык кароо тапшырылды.
Белгилей кетсек, Бишкекте мурда мас абалында унаа башкарганы үчүн соттун чечими менен айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган автобус айдоочусу жашы жете элек баланы сүзүп, ал ооруканада каза болгон.