Ивановка айылындагы Чоң Чүй каналынан сууга чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 19-июль күнү Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы Фурманов көчөсүнүн аймагында жайгашкан Чоң Чүй каналына 2004-жылы туулган А.Ю. аттуу жаран достору менен сууга түшүүгө барып, сууга чөгүп кеткен. Окуядан кийин анын сөөгүн издөө иштери жүргүзүлүп, жаран дайынсыз болуп жаткан.
Издөө иштерине Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылган.
Эки күнгө созулган издөө иштеринин жыйынтыгында жарандын сөөгү Ивановка айылынын аймагындагы Чоң Чүй каналынан табылды.
Учурда окуя боюнча тиешелүү текшерүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.