Кумтөр кени мамлекеттик башкарууга өткөн 4,5 жыл ичинде өлкө бюджетине салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 233 млн 216 миң доллар которулду. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын отчеттук маалыматында айтылат.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2022-жылдын январынан 2026-жылдын июнь айына чейинки мезгилди камтыйт.
«Аталган мезгил аралыгында компаниянын жалпы кирешеси 4 млрд 991 млн 956 миң долларды түздү. Ал эми 4,5 жыл ичиндеги таза пайдасы 2 млрд 196 млн 678 миң долларга жетти», — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, компаниянын жалгыз акционери болуп саналган «Кыргызалтын» ААКка 741 млн 298 миң доллар өлчөмүндө дивиденд төлөнүп берилди