Кыргызстанда жашоо минимуму канча сом?
2026-жылдын экинчи чейрегенде Кыргызстанда жан башына орточо жашоо минимуму айына 9 миң 873,28 сомго жетти. Эң жогорку көрсөткүч эмгекке жарамдуу калк үчүн катталып, 11 миң 63,15 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча жашоо минимуму 9 миң 290,89 сомду түзгөн.
Керектөө куржунунун түзүмү жана курамы
Чыгымдарды талдоо көрсөткөндөй, кыргызстандыктар бюджетинин олуттуу бөлүгүн тамак-ашка жумшашат. Азык-түлүк топтомунун баасы орточо эсеп менен 6 миң 417,63 сомду түзөт.
Тамак-ашка кеткен чыгымдар:
- Эт жана эт азыктары: 2 миң 171,26 сом;
- Сүт жана сүт азыктары: 1 миң 202,38 сом;
- Нан азыктары: 796,85 сом;
- Мөмө-жемиш жана жашылчалар: 773,52 сом.
Азык-түлүк эмес товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр:
- Азык-түлүк эмес товарлар: 1 миң 579,72 сом;
- Кызмат көрсөтүүлөр: 1 миң 678,46 сом;
- Салыктар: 197,47 сом.
- Демографиялык көрсөткүчтөр
- Жашоо минимуму калктын курагына жана жынысына жараша олуттуу айырмаланат.
Курактык топтор боюнча:
- 0дөн 7 жашка чейинки балдар — 8 миң 720,57 сом;
- 7ден 14 жашка чейинки балдар — 8 миң 371,23 сом;
- 14төн 17 жашка чейинки балдар — 7 миң 418,33 сом.
Жынысы боюнча:
- Эмгекке жарамдуу курактагы эркектер — 11 миң 320,67 сом;
- Эмгекке жарамдуу курактагы аялдар — 11 миң 5,42 сом.
- Аймактар боюнча көрсөткүчтөр
Жашоо үчүн эң жогорку чыгымдар Бишкек шаарында, ал эми эң төмөнкү чыгымдар Талас облусунда катталган:
- Бишкек шаары — 10 миң 229,91 сом;
- Жалал-Абад облусу — 10 миң 22,58 сом;
- Ош шаары — 9 миң 694,52 сом;
- Нарын облусу — 9 миң 675,66 сом;
- Ош облусу — 9 миң 487,63 сом;
- Баткен облусу — 9 миң 326,63 сом;
- Чүй облусу — 9 миң 132 сом;
- Ысык-Көл облусу — 8 миң 980,07 сом;
- Талас облусу — 8 миң 784,97 сом.
20 Июль 2026 жыл 17:49