«Азаттык Арена» эмес — жаңы стадиондун расмий аталышы «Бишкек Арена» болот

Кыргыз Республикасынын Президентинeн Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдиргендей, Кудай буйруса, 2026-жылдын август айында өлкө тарыхындагы эң ирилердин жана эң заманбап спорт объектилеринин бири болгон жаңы стадиондун курулушу толук бүтүп калат.

Башында стадиондун аталышы «Азаттык Арена» деп белгиленген. Бирок, урматтуу Президент Садыр Нургожоевич калктын пикирин эске алып, коомдук талкууларды өткөрүп, элдин басымдуу бөлүгүнүн каалоосуна ылайык стадиондун жаңы аталышы расмий түрдө «Бишкек Арена» болуп өзгөртүлдү.

Туманбаевдин айтымында, бул аталыш — борбор шаарыбыздын өсүшүн, биримдикти жана Кыргызстан жаңы тарыхый баскычка кадам таштап жатканын билдирген маанилүү символ.

2026-жылдын август айында өтө турган салтанаттуу ачылыш жалпы элибиз үчүн унутулгус тарыхый күн болмокчу.

Алдыда чоң иштер, чоң жеңиштер жана жаңы мүмкүнчүлүктөр турганын Туманбаев өз билдирүүсүндө баса белгиледи.

1 Декабрь 2025 жыл 20:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча