Индияда катталган Нипах вирусунун бүгүнкү күндө Кыргызстанга коркунучу жок. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө илдеттин алдын алуу чаралары күчтөндүрүлгөнү менен кооптонууга эч негиз жок.
“Нипах вирусу Индияда катталып, 5 адамдын ооруганы айтылып жатат. Ал 5 адам менен байланышта болгон 100 адам азыр байкоодо обочолонуп турат. Бул ооруну жуктуруучу жарганаттын “учуучу түлкүлөр” деп аталган түрү бизде жок. Бирок, учурда миграция күчөп, ары-бери каттаган туристтер көп болгондуктан биз алдын алуу чараларын күчтөндүрдүк. Көзөмөл-пункттарына багыттама берилип, өлкөгө келгендердин дене табы, оорунун белгилери текшерилүүдө”,- деди Оторбаева